Мекемелер аралык комиссия үрөй учурган фактыларды ачыктады (видео)

1534

Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны расмий маалыматтан үч эсе көп болушу мүмкүн. Бул тууралуу пандемиядагы жоготуулардын себептерин жана чет өлкөдөн келген гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген мекеме аралык комиссиянын жыйынтыгында айтылат.

Корутундуга ылайык, Кыргызстанда коронавирус оорусунан курман болгондордун саны 5 миңге жетиши мүмкүн. Ошондой эле, комиссия дарылоо протоколдору бир айга кечигип кабыл алынганын, дары-дармектер менен камсыз кылуу өтө жай жүргөнүн аныктаган. Пандемия учурундагы чекиликтер боюнча маселе Коопсуздук кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.