НТС

Өлкөнүн тышкы карызы. Элден топтолгон акча 12 млн сомдон ашты (видео)

Тышкы карыздан кутулуу үчүн элден топтолгон акча 12 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинен билдиришти. Атайын эсепке каражат которгон адамдардын саны 20га жакындаган. Алардын ичинен эң көп акчаны Сузак районунун жашоочусу берген.

Бүгүнкү күнү Кыргызстандын сырткы бересеси — 4 миллиард доллардан ашат. Анын басымдуу бөлүгүн — кытайлык банкка болгон карыз түзөт. Эгерде өлкө тышкы береседен убагында кутулбаса, анда ири объектилер насыя алган тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун президент Садыр Жапаров да билдирди. Алар кайсы объектилер болушу мүмкүн?