НТС

Олуттуу маселе жашыруун талкууланды (видео)

Кыргызстандын Евразиялык Экономикалык Биримдикке кирген 3 жыл аралыгында анын мүчөлөрү менен экспорт жана импорт өскөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Бирок депутаттар өлкөдө өндүрүлгөн продукциялардын тышка экспорттолушу начар болуп, тескерисинче импорт күч алганын сынга алышты.

Өз кезегинде өкмөт өкүлдөрү бул суроолорго ачык жооп берүүгө болбой турганын айтып, жыйынды жабык өткөрүүнү суранышты. Жыйынтыгында отурумдар залынан журналисттер чыгарылып, талкуу жабык эшик артында уланды.