Жаңылыктар / 11.06.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

983

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановго карата кара пиарды кимдер жасап жатат? Кумтөр боюнча 9 жыл мурдагы депутаттык комиссиянын корутундусуна байланыштуу туура эмес маалыматтар таратылууда.

Уурдалып андан кийин өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын иши боюнча соттук процесс уланууда. Бүгүн 5 айыпталуучу суралып, бирөө толугу менен күнөөсүн моюнга алды.

Чүйдө сууга аккан 10 жаштагы жеткинчектин өмүрүн сактап калган адам элдик баатыр деген атка конду. Ата-энеси кызын куткарган Залкар Сулаймановго алкышын айтууда.

Гол үчүн кубанган футбол сүйүүчүлөр. Атаандашынын айласын кетирген Ак шумкарлар. Кыргызстандын курама командасы кезектеги ирет Мьянманы ири эсеп менен утуп алды.