С. Жээнбеков: «Соттук реформа алдыга жылбай жатат» (видео)

2874

Президент Сооронбай Жээнбеков тартип комиссиясын колу таза эмес судьяларга карата катуу чара көрүүгө чакырды. Өлкө башчысынын айтымында, айрым соттор кылмышкерлерди эркиндикке кое берип, тармакка көлөкө түшүрүүдө. Судья жоопкерчиликтүү кесип болгондуктан ката кетирүүгө жол берилбеши керек, деди мамлекет башчысы.

Акыркы эки жылда 11 судья жоопкерчиликке тартылган. Сот системасынын 95 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков тармакка каражат көп бөлүнүп, шарттар түзүлүп жатканына карабай, соттук реформа ойдогудай ишке ашпай жатканына токтолду.