Аскарбек Шадиев АКШдан депортацияланабы? (видео)

1772

Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жакында АКШдан депортацияланып, өлкөгө алынып келиши мүмкүнбү? Улуттук коопсуздук комитети экс-аткаминерге байланыштуу АКШ элчилигине расмий кайрылды. Анда Америка Кошмо штаттарында жашырынып жүргөн Шадиевди алып келүүгө көмөктөшүү өтүнүчү айтылган.
Ал былтыр «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «мыйзамсыз баюу» беренелери менен сыртынан 13 жылга кесилсе, ал эми «кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу» боюнча кылмыш ишинде айыпталып, Интерпол аркылуу изделүүдө. Кыргызстандын өтүнүчүнө расмий Вашингтон кандай жооп кылат?