Ишкерлерди күтүүсүз текшерүүгө жол ачылабы? (видео)

3616

Өрт коопсуздук эрежелерин сактабаган 5 жайдын ээсине айып салынды. Текшерүү экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан жүргүзүлгөн. 9 айдын жыйынтыгына ылайык, өрт коопсуздук эрежелерин бузууга байланыштуу миңге жакын эскертүү берилген.

Текшерүүлөр көбүнчө май куйуучу станцияларда, базарларда, кафе-ресторандарда, тез тамактануучу жайларда жүргүзүлүп, ал Экономика министрлигинин уруксаты менен гана болгон. Бирок Башкы прокуратура эми өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышын текшерүүгө тыюу салган талапты таптакыр эле жоюп салууну сунуштап жатат.