Жаңылыктар / 11.11.19 / НТС / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1315

Көчөгө качкын президент Курманбек Бакиевдин ысымын ыйгаргандарды прокуратура суракка алууда. Көзөмөл органды демилгенин артында кимдер тураары кызыктырууда.

Бишкек-Торугарт жолунда үрөй учурган жол кырсыгы катталып, 4 киши мурт кетти. Каза болгондордун арасында төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу жана анын келинчеги бар.

Бишкектеги тез татым түйүнүндө бир адамдын өмүрүн алган жарылууга байланыштуу кармалган 56 жаштагы ишкер үй камагына кое берилди. Жаракат алгандардын жетөө ооруканада.

Бишкектин үстүн каптаган кара түтүн коюлууда. Экологдор абал курчуп баратканын айтып, коңгуроо кагышууда.