Журналист кызга орой мамиле кылган депутат (видео)

10147

Өзүң жогол! Кыргызстандын интернет айдыңында дал ушундай аталыштагы флеш-моб жүрүп жатат. Бул акция Жогорку Кеңештин депутаты Азиз Турсунбаевдин кабарчыга айткан жообунан кийин уюштурулууда.

Эл өкүлү «kloop.kg» агенттигинин журналистине өтө орой мамиле жасаганы үчүн көпчүлүктүн каарына калды. Кабарчы парламентарийден «Ата-Түрк» паркынан жер тилке алып кайра сатып жиберген деген маалыматтын чын-төгүнүнө кызыкканда депутат суроого жооп берүүнүн ордуна журналистти катуу кагып салган.