Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча иликтөө иштери дагы деле уланууда

945

5 жыл мурда киши колдуу болгон 19 жаштагы Камила Дүйшөбаевага байланыштуу кылмыш ишинин бети ачыла элек. Студент кыздын өлүмү боюнча иликтөө иштери дагы деле уланууда.

Учурда милиция кызматкерлери чече албай жаткан айрым жагдайлар бар экени белгилүү болду. Ошондой эле жаш кыздын өлүмү боюнча күбө катары өтүп жаткан 55 жаштагы Калыбек Эльтуйбасовду Кыргызстанга кайтаруу маселеси чечиле элек.

2014-жылы 10-мартта 19 жаштагы Камила Дүйшөбаева Бишкектеги Достук кичи районундагы үйүнөн досторуна жолугуу үчүн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Ал досторуна жетпей телефону өчүп калган. Бир жумадан кийин анын сөөгү Чүй областындагы Байтик айылынын жанындагы көрүстөндөн табылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.