Кыргыз-тажик чек арасында кыргызстандык жарандын унаасына ок атылды

6726

Чек ара кызматынан билдиришкендей, Баткен районунун Эки-Таш жергесинде болжол менен саат 01:20да «Ош-Исфана» жолу менен бара жаткан Кыргызстандын 38 жаштагы жаранынын унаасына Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык мылтыгынан бир нече ирет ок аткан.

Жыйынтыгында Кыргызстандын жараны жеңил жаракат алып, Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген. Түндө эки тараптын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгон. Учурда окуя жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.

Чек ара кызматы билдиргендей, саат 10:00гө карата кыргыз-тажик чек арасынын аталган тилкесиндеги абал туруктуу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.