Кытайлык ишкерлерди тоноого катыштыгы бар делген шектүү кармалды

765

Бишкекте 3 ай мурда кытайлык ишкерлерге кол салды деген кылмышка шектүүлөрдүн бирөө кармалды. Дагы үчөө издөөдө.

Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымат агенттиктердин бирине билдирди. Анын айтымында, чет өлкөлүк ишкерлерди карактоого бир нече адам катышкан. Бул тоноо алдын-ала пландалган.

Эске салсак, 9-августта Бишкек шаарынын түндүк тарабында Кытайдын ишкерлери тонолгон. Алар «Лексус» автоунаасында бара жатышканда, «БМВ» үлгүсүндөгү унаа сүзүп, андан түшкөн бет капчан 3 адам ишкерлердин 280 миң долларын жана 3 миллион сомго жакын акчасын тартып алышкан.

Аталган факты «каракчылык» беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталган. Алынган маалыматтар боюнча, «Лексус» унаасында Кыргызстандын 2, Кытайдын 1 жараны болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.