НТС

Өнөкөт оорунун кесепетиби же мугалимдердин шалаакылыгыбы? (видео)

Өнөкөт илдеттин кесепетиби же эмгек жамааттын шалаакылыгыбы? 11 жаштагы Гүлзейнеп Галбаева бир ай мурда мектепке баргандан 10 мүнөт өтпөй көз жумган. Маркумдун апасынын айтымында, кызына өз убагында көңүл бурулбагандыктан биринчи медициналык жардам көрсөтүлбөй калган.

Ал эми мектептин мугалимдер жамааты болсо ошол күнү окуучу кызды сактап калуу үчүн болгон күч-аракет жумшалганын айтышууда. Ал арада күйүткө баткан эне тиешелүү жактарга арыз менен кайрылып мугалимдерге карата чара көрүүнү өтүнүп жатыптыр.