НТС

Оптимизациялоодон кийин канча имарат бош калат? (видео)

Өкмөттүн түзүмүн ирилештирүүдөн 17 статс-катчы, бир нече министрдин орун басарлары кыскартылат. Андан мамлекет 74 миллион сомдой үнөмдөйт. Бул тууралуу экономика жана финансы министри Улукбек Карымшаков билдирди. Маалыматтар боюнча, кыскартууга катардагы адистер дуушар болбойт.

Ал эми жумушсуз кала тургандарга бери дегенде үч айлык кенемте төлөнүп берилет экен. Азырынча канча адам кыскарат — белгисиз. Ирилештирүүгө убакыт талап кылынаары айтылды. Андыктан мамлекеттик мекемелер мурдагы режимде иш алып барышууда. Оптимизациялоодон кийин канча имарат бош калат? Жоюлган, кошулган мекемелерге таандык имараттардын тагдыры кандай болот?