Бишкекке Новосибирскиден Кыргызстандын жарандары келди

6902

Новосибирск шаарынан 186 кыргызстандык жаран мекенине кайтып келди, алардын ичинде кичинекей балдар дагы бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жарандар «Авиатраффик Компани» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген. Аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси, өлкө жарандарынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугуна келип түшкөн арыздардын кезегинин иретинде түзүлгөн, анын ичинде 19 кош бойлуу аял 10 жаш бала, 57 студент, жогорку окуу жайларында окугандар, мүмкүнчүлүгү чектелген жана башка категориядагы жарандар бар. Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Тышкы иштер министрлигинин берген маалыматына ылайык, чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда.