Башаламандыкта жабыркагандарга компенсация качан төлөнөт? (видео)

3751

6-октябрга караган түнү Бишкекте болгон башаламандыкта жабыркаган 9 адамдын абалы оор бойдон калууда. Түрдүү жаракаттарды алган бейтаптар шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланышууда. Алардын ичинен 24 жаштагы жигит эсине келе элек, комада.

Ак халатчандардын айтымында, анын башына оор зат тийип, баш сөөгүн талкалап кеткен. Жабырлануучулар азыркы тапта оорукананын эсебинен дарыланып жатышат. Белгилүү болгондой, буга чейин элдик толкундоолордон улам жаракат алгандарга кенемте төлөнө турганы убада кылынган. Бирок бул маселе чечиле элек.