Кыргызстанда коронавирус жуккан 37 жаңы учур катталды

7045

Коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 22-майга карата 6 миң 600 адамга жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтуусуна караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 150 адам жатат. «Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал», — деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, 22-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 37 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1350нү түзөт. Алардын ичинен 949 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.