НТС

Өрт өчүрүүчүлөрдүн даярдыгы (видео)

Бишкекти каптаган кара түтүн шаар тургундарын чочутту. Бирок ал өрт кырсыгы эмес, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн машыгуу болду.

Жүздөн ашуун тажрыйбалуу жана жаңы иштеп баштаган кызматкерлердин башын бириктирген мындай иш-чара жылына 2 жолу өткөрүлүп турат. Такшалган өрт өчүрүүчүлөр алоолонуп күйгөн отко карабай куткаруу иштерин кантип жүргүзүү керектигин көрсөтүштү.