Коменданттык сааттын убактысын 2 саатка кыскартуу пландалууда

2427

Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев парламентте депутат Төрөбай Зулпукаровдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтуусунда, комендатуранын буйругуна ылайык, коменданттык саат 21:00 – 6:00 чейин созулат. Орозалиев бул күндүн узаруусуна жана талаа иштерине жолтоо болбосу үчүн көрүлгөн чара экенин билдирди.

Өзгөчө абал учурунда коменданттык сааттын убактысын эки саатка кыскартуу тууралуу буйрукту 14-апрелде Жалал-Абад комендатурасынын башчысы Жеңиш Жоробеков менен Ош комендатурасынын башчысы Малик Нурдинов да чыгарган.

Парламент Кыргызстандын Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондоруна 25-мартта киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтүн 30-апрелге чейин узартуу, Нарын шаарына жана Ат-Башы райондоруна да өзгөчө абал киргизүү тууралуу президенттин 14-апрелде кол койгон жарлыгын бекитүү маселесин карап жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.