Ит талаган баланын абалы туруктуу, дөбөттүн ээси изделүүдө (видео)

5015

Көчөдөн ит тиштеп алган 12 жашар баланын абалы туруктуу. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, кутурмага каршы эмдөө алды. Ал эми окуучуларга кол салган ит менен анын ээси табылбай жатат. Окуяны Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы «майда бейбаштык» беренеси менен тергөөдө.

Эске салсак, өткөн бейшемби күнү Бишкек шаарында көчөлөрдүн биринде ээсин ээрчип келе жаткан дөбөт ит ары-бери өткөн адамдарга кол салган. Жыйынтыгында 12 жаштагы мектеп окуучусу жабыркап, №3-балдар ооруканасына жеткирилген.