«Ала-Тоо» аянтында жаңы жылдык балаты 13-декабрда жандырылат

4187

Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында жаңы жылдык балаты 13-декабрь күнү саат 19:00дө жандырылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Аны менен бирге концерттик иш-чара уюштурулат.

Балатыны орнотуу жана кооздоо иштерин «Бишкек жарыктандыруу» жана «Тазалык» ишканалары аткарууда.

Балатынын бийиктиги 27 метр болсо, диаметри 12 метрди түзөт.

Ошондой эле аянтка «2020» деген көлөмдүү шарлар жана чана сыяктуу бир катар инсталляциялар орнотулат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.