Асманга ок аткан айдоочуга эч кандай чара көрүлбөйбү? (видео)

2833

Чаламандын чак түшүндө эч себепсиз асманга ок аткан айдоочуга карата эч кандай чара көрүлбөй калышы мүмкүн. Анткени мыйзамда сигналдык тапанча колдонгондорду жазалоо тууралуу жазылган эмес. Мындай учурда тартип сакчылары бейбаштык кылган жаранга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен гана чектелишет экен.

Бишкек шаарындагы көчө кесилиштеринин биринде үлпөт кортежинин катарында бараткан «Тойота Камри» унаасынын айдоочусу асманга карай ок чыгарган. Бул окуя көпчүлүктүн жүрөгүн түшүргөн.