«Бишкек-Новосибирск» поезд каттамы иштей баштады

3280

«Бишкек-Новосибирск» поезд каттамы ачылды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.

Ишканадан билдиришкендей, №385/386 «Бишкек-Новосибирск», «Новосибирск-Бишкек» поезд катамы 8-декабрдан тартып иштей баштаган. Эми Бишкектен Новосибирск шаарына чейин түз барып-келүүгө болот.

«Новосибирск шаары Россиянын чоң шаарларынын ичинен 3-орунду ээлейт. Эң ири темир жол байланышы бар шаар болуп эсептелет. Россиянын баардык шаарларына поезд каттамдары иштейт. Андан тышкары, Новосибирск шаарында эң ири кыргыз диаспорасы бар. Ошондой эле, Сибирь аймагын камсыз кылган ири кийим-кече базары жайгашкан. Ушул жагдайларды эске алуу менен «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилиги «Россия темир жолу» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аталган поезд каттамын ачууда», — деп билдиришти ишканадан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.