«Жерүй» кенинде иш кызуу жүрүүдө (видео)

4171

«Жерүй» кени 2020-жылы толук кандуу ишке киришип, анда 2,5 тонна алтын өндүрүлөт. Кенди иштеткен «Альянс Алтын» ишканасынын жетекчисинин айтымында, учурда фабриканын курулуш иштери аяктоодо. Жылдын жаңырышы менен сыноо иретинде иштетилип, март айында алгачкы таза алтын колго тиет.

Учурда ал жерде 600гө чукул жумушчу эмгектенүүдө. Кийинки жылы дагы миңге жакын кишини жумуш менен камсыздалат экен. Алтын казылып башталса, жылына мамлекеттик бюджетке 2 млрд сомго жакын киреше алып келип турат. Мындан сырткары, аймакты өнүктүрүүгө да ири каражат бөлүнөт.