Кумтөр: жоголгон кызматкерлерди издөө үчүн Канададан жабдык алынып келинди

2442

Кумтөр алтын кенинде дайынсыз болгон жумушчуларды издөө үчүн Канададан атайын жабдык алынып келинди. Бул тууралуу экотехинспекциясынан билдиришти. Ошондой эле бул ишке 2 экстрасенс да тартылганы белгилүү болду. Алар табылбай жаткан кызматкерлердин болжолдуу жерин айтып жатышыптыр. Ал туурасы 600, ал эми узундугу 1200 метрдей жерди казуу керек экен.

Ошондой эле Жогорку Кеңеште бул боюнча комиссия түзүү демилгеси көтөрүлдү. Ал комиссия кырсыкка себеп болгон жагдайларды жана кендеги абалды изилдеп чыгышы керек. Ошондой эле депутаттар бул кырсык боюнча өкмөттү толук маалымат берүүгө чакырды.

Эске салсак, Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрь күнү таңга маал катталып, анда Лысый өрөөнүндөгү жер катмары көчүп түшкөн. Кырсык болгон учурда иштеп жаткан тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушевду таппай калышкан. Андан бери 100гө жакын куткаруучу кырсык болгон жерде иштеп жатышат. Бирок издөө иштеринен майнап чыга элек.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.