Ошто 5000 сом пара менен кармалган инспектор үй камагына чыгарылды

5849

Ош областынын Ноокат районунда 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалган инспектор үй камагына чыгарылды. Маалыматка ылайык, Ноокат райондук соту тескөөчүнүн жашы жете элек 2 баласы бар экенин эске алып, ушундай чечим кабыл алган.

Пара алып жаткан жеринен кармалды делинген инспектордун абалы сурак учурунда начарлап, ал тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Жол сакчынын кармалышына бир адамдан келип түшкөн арыз себеп болгон. Анда ал адам инспектор кыз 8 миң сом акча талап кылып жатканын билдирип, паспортун дагы алып койгонун маалымдаган эле.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.