Почтальондор нааразылык акциясына чыгышты (видео)

2958

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын 10дон ашык кызматкери нааразылык акциясына чыгышты. Буга аталган мекемеде иштегендер 2 жылдан бери жетекчилик тарабынан маянаны көтөрүү боюнча эч кандай оңдуу жооп ала алышпагандыктары себеп болгон.

Бул талап жакынкы аралыкта аткарылбаса, иш таштоону дагы пландап жатышыптыр. Борбор калаада иштеген почта кызматкерлеринин айлыктары учурда 7 миң сомдун тегерегин түзөт экен.