20 жылдын ичинде Кумтөрдө 66 адам каза болгон (видео)

6814

«Кумтөр» алтын кениндеги Петров көлүнө экскаватор менен кошо кулап каза болгон айдоочунун өлүмү боюнча атайын комиссия түзүлдү. Алдын-ала маалыматка караганда, атайын техника мөңгүдөн тайып кеткен. Эске салсак, 3 ай мурда эле аталган кенде катталган кырсыкта 2 адам жер көчкү алдында калып, алар бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз.

Ал арада экологдор коңгуроо кагып, адам өлүмү менен коштолгон кырсыктардын байма-бай катталуусуна, аталган кендеги мөңгүгө болгон мамиледен улам болуп жатканын билдиришүүдө. Тактап айтканда, алар тынымсыз ээрип, кооптуу абал жаратууда, дешет алар.