Бишкек ТЭЦинде 2 жыл мурдагыдай авария кайталандыбы? (видео)

3614

Бишкек жылуулук берүү борборунда авария катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бир дагы жабдык иштен чыккан эмес. Бул тууралуу жылуулук электр борборунун директору Андрей Воропаев журналисттерге билдирди. 29-октябрда түшкө маал Бишкек шаарынын тургундары жарым сааттай электр жарыксыз калышты.

Анын айынан жол чырактары иштебей, көчөлөрдө унаалардын тыгыны жаралган. Көп өтпөй Бишкек ТЭЦинин 3 жеринде оргуштап буу чыга баштаган. Муну көргөн калаа тургундарында Бишкек ТЭЦинде 2 жыл мурдагыдай кайрадан авария катталдыбы деген кооптонуулар пайда болду.