Бишкекте айдоочу 3 жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Алардын бири каза болду

2987

Бишкекте бир катар жол кырсыктары катталды. Мындай окуялардын бири 13-февралда ордо калаадагы Малдыбаев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталып, анын кесепетинен айдоочу 3 жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Алардын бири алган жаракатынан улам кырсык болгон жерден каза болгон. Калган экөө Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, «Мерседес Бенц» унаасынын 26 жаштагы айдоочусу кармалган. Шектүү Бишкек шаардык милициясынын тергөө бөлүмүнө киргизилип, унаасы айып аянтчасына коюлган.

Ал эми ордо калаадагы 7-апрель көчөсүндө «Тойота» унаасын айдап келе жаткан 35 жаштагы келин да жөө жүргүнчүлөр өтө турган тилкеде бир адамды сүзүп кеткен. Жабырлануучу пакистандык жаран экени айтылууда. Ал ооруканага баруудан баш тарткан. Ал эми «Тойота» унаасы айып аянтчасына токтотулган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.