НТС

Ош: Папандыктар айыл өкмөтүнө нааразы (видео)

Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн тургундары жер тилкелери акыйкат бөлүштүрүлбөй жатканын айтып, Ош шаардык сотунун алдына митингге чыгышты. Алардын айтымында, арыздангандардын көпчүлүгү 2007-жылдан бери жер тилкесине ээ боло албай жүргөндөр. Бирок ошол эле убакта, бир топ жерлер айыл өкмөтүнүн айрым кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз жолдор менен Папанда жашабаган адамдарга берилип кетиптир.

Жерге жетпей калган Папандыктар чогулуп, укук коргоо органдарына 2014-жылы арыз менен кайрылышкан. Жер махинациясына тиешеси бар, деп шектелген 4 кызматкерге карата кылмыш иши козголуп, бирок ал иш бүгүнкү күнгө чейин аягына чыкпай келет.