Шектүү ур-токмоктон каза тапты делип жаткан окуяны УКМК өз көзөмөлүнө алды

2482

Милициянын ур-токмогунан улам шектүү каза тапты делип жаткан окуяны УКМК өз көзөмөлүнө алды. Эгер анда тартип сакчыларынын күнөөсү далилдене турган болсо, мыйзам алдында жооп беришет. Милиция кызматкерлери болсо, алар шектүүгө кол көтөрбөгөнүн билдиришүүдө. Учурда экспертизанын жыйынтыгы күтүлүп жатат.

Эске салсак, кечээтен бери интернетте видео тарап, анда Ош областында 26 жаштагы бала кылмышка шектелип кармалгандан кийин көз жумганы белгиленүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, тартип сакчылары каракчылыкка шектелген маркумду сабап, ал анын өлүмүнө алып келген.

Ош областтык милициясынын билдирүүсү боюнча, аларга 21 жаштагы тургун кайрылып, анын 4 миллион 200 мин сомун 2 адам карактап кеткенин айтып арызданган. Кылмыш ишинин алкагында 27 жана 26 жаштагы 2 адам кармалып, анын бири милицияга каршылык көрсөткөн. Анын жанынан 4 огу менен травматикалык тапанча табылган. Аны милициянын бөлүмүнө жеткиргенден кийин эси ооп, ооруканага жетпей каза тапкан. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.