64

Ошто 39 жаштагы аял күйөөсүнүн колунан ажал тапты


Ош шаарында 39 жаштагы аял кызыл камчы күйөөсүнүн колунан ажал тапты. Аскер кызматкери жубайын эс алуу багынан баштап сабап, үйүнө чейин ур токмокко алып келген. Келин алган жарааттарын көтөрө албай каза тапкан. Дарыгерлер текшергенде, аялдын боору эзилип, башына кан куюлуп кеткени аныкталган. Учурда кылмышка шектүү, 44 жаштагы күйөөсү камакта. Жубайлар ортосундагы жаңжал ичкиликтен улам чыкканы кабарланууда.