Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда

6186

Кыргызстанда коронавирустун жаңы 314 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 7 миң 691 адамга жетти. «Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Акыркы сутка ичинде COVID-19 жуктурган 314 адамдын баары вирус жуктургандар менен байланышта болгондор», — деп билдирди ал.

 

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

-Бишкек шаары – 161

-Чүй облусу — 25

-Ош шаары — 41

-Ош облусу — 26

-Жалал-Абад облусу — 15

-Баткен облусу — 10

-Ысык-Көл облусу — 21

-Нарын облусу — 15.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.