Пара менен кармалган судья камалган жок (видео)

14900

Пара алып жаткан жеринен кармалган судья жумушка чыкканы белгилүү болду. Бул маалыматты фемида өкүлү иштеген Бишкектин Биринчи май райондук сотунан да тастыкташты. Аны колго түшүргөн Финполициясы соттордун кол тийбестиги бар болгондуктан, аны кое бергенин билдирүүдө.

Ал эми шектүүгө карата кандай чара көрүлө турганын Башкы прокуратура берген сунуштамага жараша болот. Азырынча Соттор кеңешинин тартип комиссиясына эч кандай өтүнүч келип түшө элек экен. 2 миң долларлык пара жана ага кайсы кылмыш иши оңунан чечилмек?