НТС

Ошто дөңгөлөккө атылган ок жөө жүргүнчүгө тийди (видео)

Унаанын дөңгөлөгүнө атылган ок жөө жүргүнчүнү жарадар кылды. Бул окуя 23-декабрда Ош шаарында кечки саат 18:00дө болгон. Түштүк борбордун жол инспекторлору бул кырсыкка жол эрежесин бузган айдоочу себеп болгонун айтышууда.

Маалыматка ылайык айнеги караңгылатылган, арткы номери жок «Мерседес» машинасы тартип сакчыларына баш ийбей, качууга аракет кылган. Аны кубалоо учурунда унаанын дөңгөлөгүнө ок атылып, бирок ал машинанын капталына тийип, кайып кетип, жолдун жээгинде бара жаткан адамга тийген.