114

Ошто үйлөнүү үлпөт салону менен 2 турак-жай күйүп кетти

Пожарище
Ош шаарында чоң өрт чыгып, үйлөнүү үлпөт салону менен 2 турак-жай толугу менен күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, кечээ түнкү саат 11:45тер чамасында шаардын Курманжан Датка көчөсүндө өрт чыккан. Анда аянты 375 чарчы метрди түзгөн үйлөнүү үлпөт салонундагы көйнөктөр жана бир нече килем күйүп кетти.

Мындан тышкары, турак-жайлар да катуу жабыркап, анын ичиндеги мүлк толугу менен күлгө айланган. Өрт өчүрүүчүлөр башка 6 үйдү жалындан сактап калышкан. Бул кырсыктан жабыркагандан жок. Учурда материалдык чыгымдын көлөмү эсептелүүдө.