НТС

Ошто көчөгө жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишти

Түндө саат ондордо бала бакчанын аймагынан жергиликтүү тургундар жалаякка оролгон наристени таап алып, милицияга өткөрүп беришкен. Тартип сакчылары ымыркайды Ош шаардык төрөт үйүнө жеткиришкен.

Дарыгерлер текшерип, кыздын саламаттыгы жакшы экенин, салмагы 3 килограмм 200 грамм экенин айтышкан. Учурда баласын таштап кеткен күкүк эне изделүүдө.