341

Ошто кыргыз-өзбек достугун даңазалаган концерт өттү

1
Ош шаарындагы Амир-Темур (Он-Адыр) конушунда кыргызстандык жана өзбекстандык артисттердин катышуусунда Достук концерти өттү. Шевченко атындагы мектептин короосунда болгон маданий иш-чараны жергиликтүү ишкер Дилмурад Ишанов шаардык кеңештин жана мэриянын колдоосунда уюштурган. Ишановдун демилгеси менен Ташкенттеги Мукими музыкалык-театрынын артисттери 7-июнда Ошко бир апталык гастролго келишкен. Алар облус аймагында “Жайдары келин” спектаклин акысыз тартуулап жатышат. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда сууп кеткен маданий алакалар 2016-жылдын күзүнөн кайра жандана баштады.