30 аскер кызматкери мамлекетке 500 миң сом зыян келтирген

3032

Улуттук Гвардия менен Ички аскерлердин 30 кызматкери «алдамчылыкка» шектелүүдө. Бул тууралуу «24 кж» агенттиги өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, буга чейин ачылган 2 кылмыш ишинин алкагында 30 адам өтүп жатыптыр. Талапка ылайык, турак-жайы жок аскер кызматкерлерине батирди ижарага алуу үчүн айына белгилүү суммада акча төлөнүп турат. Шектүүлөр аларга бөлүнгөн акчаны алганы менен иш жүзүндө батир ижаралашпаганы белгилүү болгон.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 500 миң сомго жеткен. Ошол эле убакта кылмыш иши ачылып тергөө иштери башталганда, тиешелүү аскер кызматкерлери чыгымды кайтарып беришкени да белгиленген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.