Алмаматовду бошотуу чечимин кабыл алган сотторго чара көрүлөбү? (видео)

1414

Сотко коррупционер Насырбек Алмаматовдун жазасын абактан айыпка которуу өтүнүчүн келтирген прокурор Белек Рыскулов кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Ал эми чечим кабыл алган сотторго кандай чара көрүлөт азырынча кабарлана элек.

Буга чейин Башкы прокуратура ошол судьяларды жоопкерчиликке тартууга уруксат алуу боюнча материалдарды Тартип комиссиясына жиберерин билдирген. Каттоо кызматынын мурдагы аткаминери Алмаматов боюнча маселе өткөн жума күнү Коопсуздук кеңештин жыйынында көтөрүлүп, президент башкы прокурор менен Жогорку соттун төрайымын катуу сынга алган.