Алмаз Мамбетов: «Кыргызстанда «Санарип ID» долбоору жайылтылат»

1581

Кыргызстанда быйыл «Санарип ID» долбоору жайылтыла баштайт. Анын алкагында, алгач дегенде эле виртуалдуу паспорт же болбосо смартфондогу паспорт бирдиктүү системасы ишке киргизилет. Анын жардамы менен мамлекеттик кызматтарга, бейтапканаларга, мектепке онлайн жазылууга мүмкүнчүлүк жаралат. Ошондой эле интернет-банкинг кызматы дагы жеткиликтүү болот. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, жаңычылдык жарандардын бийлик менен байланышын жеңилдетүүгө багытталат. Эгер буга чейин айрым кызматтарды алууга адамдын өзүнүн болуусу тийиш болсо, эми онлайн режимде идентификация жүрөт. Бул өзгөчө алыскы аймактарда жашагандарга жеңилдик берет.

Аталган долбоор ушул жылдын апрель айында ишке кириши күтүлүүдө. Мындан тышкары мамлекеттик каттоо кызматында дагы мобилдик тиркеме ишке ашат. Алдыда эмгек китепчеси, айдоочулук күбөлүк жана унааларды каттоо электрондук системага өткөрүлөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.