НТС

Ошто жаңы таштанды полигону качан курула баштайт? (видео)

Ош шаарына жаңы таштанды полигонун куруу үчүн эл аралык донорлор 10 миллион доллар бөлөт. Бул каражатка атайын заманбап техникалар алынып, эски жайдын рекультивациясына чыгымдалат. Акчанын жарымы насыя катары берилсе, теңи грант түрүндө болот.

Ал арада бир нече жылдан бери акыр-чикир таштоочу жай курууга деп табылбай жаткан жер тилке маселеси чечилгени белгилүү болду. Ал ошол эски полигондун жанына эле жайгашат экен. Буга чейин бул жайга жакын жашаган жергиликтүү тургундар аны башка жакка көчүрүү керектигин айтып, а түгүл митингге да чыгышкан болчу.