Өрттүн кесепетинен көчөдө калган 5 үй-бүлө жардамга муктаж (видео)

7535

Тилсиз жоо 7-мартта таңга маал Сокулук районунун Шопоков шаарындагы 2 кабаттуу турак-жайдан чыккан. Анда 16 бөлмө толугу менен күлгө айланган. Бактыга жараша кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Бирок жергиликтүү тургундарынын бардык документтери, оокат жайы күйүп кеткен. Учурда алар ар кайсы жерде баш калкалоого аргасыз.