Ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын сөөгү жерге берилди (видео)

3536

Ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилди. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча ал муунтуп өлтүрүлгөн. Ага кол салган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү да текшерилип, ал кеңсе бычагынан алган жаракатынан улам көз жумганы аныкталды.

Үрөй учурган окуя боюнча президент Садыр Жапаров кайрылуу жасап, күнөөлүүлөр жазаланарын убадалап, ишти өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Ала качуудан башталып, адам өлүмү менен аяктаган экинчи кайгылуу окуянын чоо-жайы…