Дүйнөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны бир миллионго жакындады

10992

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус акыркы бир жуманын ичинде бул илдеттен өлгөндөр эки эсеге көбөйгөнүн билдирди. Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 932 миңден ашып, 47 миңге жакын киши каза болду. Дагы 194 миңге жакын адам айыкты.

Шаршемби күнү Улуу Британияда бир сутканын ичинде 4 300 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, 563 бейтап каза болгону кабарланды. Өлкө боюнча жалпысынан 29 миңден ашык адам илдетти жуктурса, алардын 2 300дөн көбү өлдү.

Италияда бир сутканын ичинде COVID-19 жуктуруп алган 4 800 адам аныкталып, 727 киши өлдү. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 110 миңден ашты, каза болгондор 13 155.

АКШда акыркы үч күндүн ичинде коронавирустан өлгөндөр эки эсеге көбөйүп, жалпы саны 4 800гө жакындады. Илдетти жуктуруп алгандар 212 миңден ашты. Кошмо Штаттардагы пандемиянын очогу болуп эсептелип жаткан Нью-Йорк шаарында 1000ден көп киши каза тапты. Өлкө президенти Дональд Трамп жакынкы эки апта оор болушу мүмкүн экенин эскертти.

Коронавирус алгачкы жолу өткөн жылы декабрда Кытайдын Ухань шаарында катталган. Кытай бийлиги акыркы жумаларда өлкөдө бул илдетти жуктурган адамдардын саны кыйла азайганын билдирди. 1-апрелде Бээжин бир сутканын ичинде Кытайдын материк бөлүгүндө вирус жуктурган 36 жаңы учур катталганын, алардын 35и чет өлкөдөн келген адамдар экенин кабарлады.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.