Италияда соңку бир сутка ичинде 800дөй киши коронавирустан көз жумду

2250

Иранда соңку бир сутка ичинде 129 адам COVID-19 вирусунан көз жумду. Натыйжада коронавирустан өлгөндөрдүн жалпы саны 1 685 кишиге жетти. Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги 22-мартта билдиргендей, өлкөдө баш-аягы 21 600дөн ашуун адам илдетке чалдыкты.

Ал эми Италиянын Жарандык коргонуу агенттиги ишемби күнү өлкөдө 793 адам COVID-19 вирусунан каза тапканын билдирди. Натыйжада Италияда коронавирустан өлкөндөрдүн саны 4 800дөн ашты. Азырынча вирусту жугузуп алган 53,5 миң адамдын 6 миңдейи гана толук айыгып чыгышты.

Коронавирустун курмандыктарынын саны боюнча Италия дүйнөдө биринчи орунда турат. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасына ылайык, дүйнө жүзүндө бул илдетке чалдыккандардын саны 307 миң кишиден ашты. 13 миңден ашуун адам көз жумду. 93 миңдей адам айыгып чыкты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.