НТС

Өзбекстанда мигранттар ВИЧ текшерүүсүнөн өтүүгө милдеттендирилет

Өзбекстан президенти ВИЧ-инфекциясынын жайылышына каршы чараларды күчөтүү тууралуу документке кол койду. Негизги иштердин бири – узак убакыттан бери чет өлкөдө жүргөн жарандар менен иштөө болуп саналат.

ВИЧ-инфекциясынын жайлышына каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программа кабыл алынды. Документте илимий иликтөөлөрдү өткөрүү, профилактикалык иштерди күчөтүү боюнча тест-системаларды түзүү каралган.

Мамлекеттик программага ылайык, оорулууларга антиретровирустук препараттарды сатып алуу үчүн каражат көбөйөт.

Илдетти жуктургандар социалдык коргоого алынып, ВИЧ-дарты бар энелерден төрөлгөн балдар кургак сүт менен камсыздалат.

ВИЧ-илдетин жуктуруп алышы мүмкүн деген кишилердин тобуна эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү дагы киризилди. Өзбек президенти дал ушул топтогу жарандар менен иштөө системасын бекитүүнү тапшырды.

Расмий маалыматтар боюнча Өзбекстанда 32 миңден ашуун киши ВИЧ-инфекциясына кабылган.