COVID-19: Талас областына кирип-чыгууга толугу менен тыюу салынды

10057

Жергиликтүү жетекчилердин билдирүүсүнө караганда, ар кайсы аймактардан келген адамдардын саны көп болуп жаткандыктан областтык ыкчам штаб чектөө чечимин кабыл алган. Өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Канимет Осмонбековдун билдирүүсүнө караганда, Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу Таласка каттагандардын саны бир кыйла көбөйүп кеткен.

Саламаттык сактоо министрлигинде иштеген адистер “Бишкекте дагы оорунун очогу бар, келгендерди обсервацияга жаткырыш керек же токтотуш керек” деген сунуш беришкен. Андыктан аймакта вирустун алдын алуу максатында Таласта каттоосу бар адамдардын дагы кирүүсүнө, ошондой эле, аймактан дагы эч ким чыгарылбай турганы эскертилди.

Жетекчилер жергиликтүү тургундардан ыкчам штабдын чечимин туура кабыл алып, коронавирустун жайылышын ооздуктоого көмөк көрсөтүүсүн өтүндү. Киргизилген чектөөлөр азык-түлүк жана жазгы талаа иштерине керектелүүчү каражаттарды ташыгандарга, транзиттик жүктөргө гана тийиштүү эмес. Учурда Таласта обсервацияда жаткандардын саны 300гө чукул. Аймакта жаүы типтеги вирусту жуктуруп алгандар жок.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.