Пандемиянын шартында бардык санитардык нормалар сакталган заманбап той. Өзгөчө форматтагы үлпөткө 100дөй конок чакырылса, иш жүзүндө 10дой киши катышкан. Калганы болсо үлпөткө «Зуум» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн каалоо-тилек айтып, күбө болуп отурушкан.
Той ээсинин айтымында, үйлөнүү салтанаты 2 саатка созулуп, бул убакыттын ичинде ар бир конокко жетишээрлик көңүл бурулган. Пандемиянын жарандардын жашоосуна киргизген жаңы өзгөрүүлөрүнө далил болгон «өзгөчө той».